Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Айыл турмушу: Аксыда эски «УАЗдын» тетиктеринен «Портер» жасоо популярдуу болууда (фото)

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылынын тургуну Самарбек Турдалиев «УАЗ» үлгүсүндөгү унаанын тетиктеринен «Портер» унаасын жасап, элге кызмат кылууда. Turmush басылмасынын кабарчысы жергиликтүү тургундардын эмгектери менен таанышып келди.

С.Турдалиевдин айтымында, үйдө турган «УАЗ» унаасынын пайдасы деле тийбей калган.

«Мен бул унааны 10 жылдан ашык айдадым. Аны менен базарларга каттап, эл ташычумун. Акыркы 4-5 жылдан бери бул унаалардын ордуна жеңил унаалар кызмат кыла баштады. Ошентип, биздин унаалар ишке жарабай калды. Эми андан «Портер» унаасын жасап, аны менен жайкысын чөп, отун ташып иштесек, айрым учурларда адамдарды жайлоого, жайлоодон айылга көчүрүп кызмат кылабыз», - деди ал.

Ал белгилегендей, «УАЗдын» тетиктеринен жасалган жаңы унаа 70 таңгак чөптү ташый алат. Ага жайкысын кезек күткөндөр көп болот.

«Итагар айылында бул унаа учурда жакшы кызмат кылып жатат. Жайкысын чөп ташыйбыз. Кыскасы тургундарга ыңгайлуу шарт жаралды», - деди жергиликтүү тургун К.Мырзамамыт уулу.

«УАЗ» унаасын «Портерге» айлантуу идеясын алгач Эрлан Чынасылов сунуштаган. Ал өзүнүн унаасын «Портерге» окшоштуруп жасап, айылдаштарына үлгү болгон. Аны кайра жасоого 15 миң сом керектелгенин айтат. Аны жүк ташуучу, жеңил унаа кылып жасоого аракет кылган. Мындан тышкары, айылда учурда «УАЗ» унааларынан кайра жасалган 5 «Портер» унаасы бар. Унаалардын ээлери жергиликтүү тургундарга кызмат көрсөтүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9864
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:18,   19.09.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу