Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 18.01.2017 14:04

Өзгөндөгү Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчылыгына жалгыз талапкер катталды

Turmush -  Өзгөн районундагы Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы 25-январь күнү шайланат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысынын милдетин аткаруучу Акболуш Тиленбаев кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, жалгыз талапкер болуп А.Тиленбаев катталды. «Талапкерлерди каттоо кечээ, 17-январда токтотулду. Шайлоо 25-январь күнү өтөт», - деди ал.

Айыл өкмөттүн мурунку башчысы Азамат Дүйшеев башка жумушка которулганына байланыштуу ишин 2016-жылдын ноябрь айында тапшырып берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×