Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Ала-букалык С.Эргешов «брама» породасындагы тоокторун 1,5 миң сомдон, жумурткасын 100 сомдон сатууда (фото)

Turmush -  Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылынын 47 жаштагы тургуну Санжар Эргешов мындан эки жыл мурда короосуна канаттуулардын фермасын ачып, тоок жана бөдөнө багууну колго алган. Учурда анын короосунда «брама» породасындагы тооктор багылууда. Turmush басылмасынын кабарчысы канаттууларды баккан С.Эргешовдун фермасы менен таанышып келди.

«Мен багып жаткан тооктор эт багытындагы «брама» породасындагы тооктор болуп саналат. Азыр менде «ак брама» жана «боз брама» тооктору бар. Бул тооктордун жумурткасын Бишкектен алдырып, инкубатордо көбөйтүп, санын 150гө жеткирдим. Сатып отуруп, азыр элүүдөй болуп калды. Алты айлык «брама» жөжөлөр 4-5 кг эт берүүдө. Бирок, мага союп этин саткандан көрө тирүүлөй саткандын пайдасы жакшы болот. Бир тоокту 1500 сомго чейин сатам. Кардарлар үйгө издеп келип, алып кетишүүдө. Алардын жумурткасы 100 сомдон жогору сатылууда. Буга чейин тооктон башка жумуртка багытындагы бөдөнө да багып көрдүм. Бирок, алардан киреше жакшы болбогондуктан багууну токтоттум.

Эми бөдөнөнүн эт багытындагы «фараон» породасын багайын деп, жумурткасына буюртма бердим. «Фараон» деп аталган бөдөнөлөр 400 гр чейин эт берет экен. Ошондо райондо эт багытындагы бөдөнө баккан жалгыз менен болом. Кирешеси жакшы болот деген ойдомун. Андан сырткары кыргоол багууну да колго алууну пландап жатам. Аларга ылайыктуу жай даярдап койдум. Бир кыргоол болжол менен жылына 80 жумуртка тууйт экен. Кыргоолдорду көбөйтүп, этин сатууну көздөөдөмүн. Анткени, алардын этине элден суроо-талаптар түшүүдө. Буюрса жакынкы убакытта кыргоолдорду буюртма менен алдырам», - деди ал.

С.Эргешов көгүчкөн, өрдөк багуу планы бар экенин кошумчалап кетти. Анын айтымында аларды да багып, жакшы киреше тапса болот. «Канаттуу куштарды багып, алардын жашоо образын үйрөнүү бул өзүнчө искусство», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11982
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×