Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Фото, видео - Аравандык Д.Ибраимова жаңы төрөгөн 3 эм уулдарын баш кийимдериндеги номурлардан айырмалайт

Turmush -  Араван районундагы Тепе-Коргон айылынын тургуну Дилдора Ибраимова үч эм уул төрөдү. Дилдора жолдошу Азизбек Ибраимов экөө эгиздерге чейин 3 уулду тарбиялап жаткан. Учурда ымыркайларды багууга Дилдоранын апасы жана кайын энеси жардамдашууда.

Эгиздер 2016-жылдын 8-декабрында жарык дүйнөгө келишкен. Аларды көрүү үчүн Ибраимовдун үйүнө меймандар тынбай келүүдө.

Үч эмдин атасы Азизбек Ибраимов айыл чарба иштери менен алектенет. Ал Turmush басылмасынын кабарчысына кубанычы койнуна батпай турганын билдирди. Ибраимов үч эмдин төрөлүшүнө карата чоң той өткөрүүнү пландап жатат.

«Бизди туугандарыбыз, тааныштарыбыз куттуктап жатышат», - деди ал.

6 баланын апасы болгон Дилдора дагы балалуу болууну самайт. Эгиздердин чоң атасы аларга Мухамбет, Хасанбай жана Хусанбай аттуу ысымдарды ыйгарган. Бирок, ата-энеси азырынча уулдарын так ажыратып билишпейт. Үчөө бири-бирине өтө окшош болгондуктан Дилдора өзү да балдарынын ысымын атоодо адашып калууда. Эгиздерди баштарына кийгизилген баш кийимдердеги номурлар аркылуу айырмалашат.

Бирок, балдардын чоң апасы топудан адашып, бир туугандары үч эмди айырмалабай калат деп кооптонот.

«Азырынча эгиздерди бири-биринен айырмалай албайсың. Мен эми гана билип баштадым. Топусундагы сандар аркылуу гана алардын ким экенин билем. Эгерде кокустан топуларын алмаштырып алсак, анда алар да алмашып кетишет», - деди үч эмдин апасы.

Эгиздердин чоң энеси Махирохон Ибраимова атайын ата-энеге жардам берүү үчүн келген. Ал үч эм төрөлгөндө өзү төрөгөнсүп абдан сүйүнгөнүн билдирди.

«Эгиздер төрөлгөн бакытты эч бир нерсеге салыштыруу мүмкүн эмес эле. Кудайга шүгүр, дени сак, жакшы балдар төрөлдү. Алар элдин керегине жараган мыкты эр азаматтардан болуп чоңоюшун каалайбыз», - деди ал.

Үч эмдин таенеси Махбуратхон Мирзахмедова да атайын кызынын үйүнө балдарды багуу үчүн келген. Ал бир күндө 4 жээндүү болду. 3 эгиз төрөлгөн күнү Дилдоранын сиңдиси да көз жарган.

«Бир күндө эле 4 жээндүү болдум. Кичүү кызым дагы төрөдү. Мен бактылуу таенемин», - деди ал.

Араван районунун акими Ибраимовдун үй-бүлөсүн куттуктап, 20 миң сом тапшырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11620
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×