Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Нарын

Нарында асынып каза болгон окуучу класстагы лидер балдардын бири болчу, - мектеп директору

Turmush -  Нарын шаарында асынып каза болгон окуучу классындагы лидер балдардын бири болчу. Бул тууралуу ал окуган №8 Матен Сыдыков атындагы орто мектептин директору Ж.Көкөтаева кабарчыга билдирди.

Окуя 8-январь күнү болгон. Окуучунун денесин өзү жашаган үйдүн гаражынан табышкан.

«Окуя кышкы эс алуу учурунда болду. Ал (каза болгон окуучу) класстын лидерлеринин бири, сабакка активдүү катышкан окуучу эле. Эмне себептен мындай болуп кеткенин түшүнбөй турабыз. Бейбаштыгы жок, мушташка катышчу эмес. Атасы бала 3 жашында каза болуп, энеси баланы кайындарына таштап кеткен. Чоң атасы менен чоң апасы бир топ жашка барып калышты. Ушул баланы бел тутуп, үй-жайды да ага калтырабыз деген ниеттери бар эле. Бала биринчи класстан тарта биздин мектепте окуп, көз алдыбызда чоңойду. Социалдык педагог аны менен ар дайым байланышта болчу», - деди директор.

Мектеп жетекчисинин айтымында, ошол күнү ал үй-бүлө тамак жасап жатышкан. Ал ортодо окуучу бала «азыр келем» деп эшикке чыгып кеткен боюнча келген эмес.

Кийин каза болгон окуучунун жазып калтырган катын табышкан. Анда, окуучу бала чоң апасы менен чоң атасынан кечирим сурап, досторуна салам айтып коюуну өтүнгөн. Катта өзүнүн апасы тууралуу эскерилген эмес.

Өз өмүрүнө кол салуу фактысы боюнча ШИИБдин кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Азырынча окуучу менен кимдир бирөөлөрдүн ортосунда пикир келишпестиктер болгону байкала элек.

Шаардагы мектептердин окуучулары 12-январга чейин кышкы эс алууга тарашкан
.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2549
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×