Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Баткен

Айыл турмушу: Кадамжайлык С.Мойдуновду айылдаштары «Султанбай погрузчик» деп аташат (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Ноогардан айылынын 56 жаштагы тургуну Султанбай Мойдуновду айылдаштары «Султанбай погрузчик» деп коюшат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 52 миң долларлык жүктөөчү техникасы айылга эле эмес, бүтүндөй районго белгилүү. Жеке адамдардын ишинен тартып, мамлекеттик мекемелердин жумуштарына чейин бүтүрөт. Өзгөчө жол оңдоо, табигый кырсыктардан сактануу, анын кесепеттерин жоюу иштерине чоң жардам берет. Колунда жок адамдарга акысыз кызмат көрсөтөт.

Ал техникага жаш кезинен эле кызыгып, акыры максатына жетип, тракторчу болгон.

Каарманыбыз жубайы экөө 5 баланы тарбиялап өстүрдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3669
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×