При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 24-март

С.Жээнбеков Лейлектеги ветеринардык борбордун абалы менен таанышты

Turmush -  Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Лейлек райондук ветеринардык жана экспертизалык борбордун абалы менен таанышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Борбордун өкүлдөрүнүн айтымында, 2 кабаттуу имарат 1975-жылы курулган. Азыр анда онго жакын кызматкер иштейт.

Өкмөт башчы борборду таза кармап, 1975-1980-жылдары алынган лабораториялык жабдыктарды жаңылоо керектигин белгиледи. Борбордун кызматкерлери шарт түзүлбөсө да өз иштерин аткарып жатканын белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1942
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×