При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 26-май
67.94    75.99    1.21    KZT 0.22

Ак-Суунун тургуну 17 жашында башына ок тийип каза болгон уулунун ишин көзөмөлдөп берүүнү өтүнүүдө (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Каракол айылынын тургуну Гүлнара Кондубаева өкмөттүн облустагы өкүлү А.Акибаевден баласынын өлүмүнө байланыштуу ишти көзөмөлдөп берүүнү суранды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Г.Кондубаеванын айтымында, анын кыздардан кийинки жалгыз уулунун башына ок тийип каза болгон.

«Балам Б.улуу Темир 11-класста окуп жаткан. 2015-жылдын 3-мартында мектептин жанынан милиция кызматкерлери кармап кетишиптир. Алар баламды баңгизаттарды сактайт деген шек менен кармашкан. Аны РИИБге алып барып, бир сутка кармашкан. Ал сурак берип жатканда жанында мугалим же жактоочу дагы болгон эмес. Мен кечки саат 21:00дө угуп, райондун борборуна такси менен баргам. Түнкү саат 23:00 чамасында баламды чыгарып беришти. Үйгө барганда кайра эшикке чыгып кеткен. Башына ок тийгенин эртеси билдик. Мен аны өзүн өзү өлтүрдү дегенге ишенбейм», - деди апасы Г.Кондубаева.

Маркумдун жеңеси Динара Чукубаеванын айтымында, бала өзүн өзү өлтүрдү дегенге ишенбей жаткандарына бир нече себептер бар.

«Сөөктү тапканда баланын колу ылай болчу. Андан улам качып баратып ок жеген деп болжолдоп жатабыз. Ал эми табылган мылтык таптаза экен. Ал мылтык бир жолу атылгандан кийин ичинде дагы бир ок болгон. Эгер балабыз өзүн атса, ок атылгандан кийин тапанчага окту кайра ким салган? Өзүн өзү өлтүрдү дегенге кантип ишенебиз? Мылтык баланын колунан дагы узун экен», - деди ал.

Алар Башкы прокуратурага арыз жазгандан кийин гана кылмыш иши козголгонун маалымдашты.

Жолугушууга келген ОИИБдин кызматкерлеринин айтымында, экспертизанын корутундусунда бала өзүн өзү өлтүрүшү мүмкүн экени айтылган. Ал эми кармап келген милиция кызматкерлери баланы жактоочусу жана мугалими жок суракка алганы үчүн гана жаза алышканын белгиледи.
Учурда бул иш прокуратура тарабынан каралып жатканын айткан А.Акибаев анын жыйынтыгын күтүп турууга үндөдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2031
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×