Бөлүмдөр
Жума, 20-январь

При поддержке MegaCom

Чолок-Кайың айылын өнүктүрүү максатында «Жүз жигит» жаштар кыймылы түзүлдү

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылында «Жүз жигит» жаштар кыймылы түзүлдү. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Үчүгөнова маалымдады.

Анын айтымында, алар ишмердүүлүгүн айылдагы көчөлөргө жарык берүүчү чырактарды орнотуу менен башташат. Мелис Ашырбеков баштаган жаштар кыймылы айылдын инфраструктурасын жакшыртууга салым кошуу максатын көздөшөт.

Учурда айылдагы Ормоке жана Артык көчөлөрүнө көчө комитеттери тарабынан чогултулган каражатка 10 даана чырак орнотулуп бүттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1615
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Эң кызыктуу