При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 26-май
67.94    75.99    1.21    KZT 0.22

Соцтармактарда соопчулук тууралуу коркутуу менен келген каттарга ишенүүгө болбойт, - Баткен казыяты

Turmush -  Баткен облусунун казысынын орун басары Каразак ажы Кожояров социалдык тармактар аркылуу соопко ээ болуу үчүн деп коркуткан сөздөр менен таратылган смс билдирүүлөргө ишенбөө керектигин билдирди.

«Соцтармактарда дин туурасында, оорулууларга жардам берүү максатында смс билдирүүлөр тарап жатат. Биз дин туурасындагы тарап кеткен маалыматтарды аныктап да чыктык. Жыйынтыгында китептеги маалымат менен билдирүүдөгү маалыматтын такыр окшоштугу жок болуп чыгып жатат. Ар бир адам бири-бирине жөнөтүп отуруп балким мааниси өзгөрүп кетет. "Эгер ушул катты 20 адамга билдирбесең кырсыкка учурайсың, эгер билдирсең Алладан жакшылык көрөсүң" деп билдиргендер да бар. Бул такыр туура эмес. Ислам дини таза, илим-билим, мээнет менен жашоону талап кылат. Эгерде ошентип жиберип коюп эле соопторубуз жоюлуп кетсе анда бул оңой жашоо болуп калбайбы.

Ислам дини бул илимсиздик менен жалкоолуктун душманы деп айтылат. Мындай смс билдирүүлөрдү ислам динин жаман көрсөткүсү келгендер, жалкоо, илимсиз адамдар жасашы мүмкүн. Аны менен катар ошол эле WhatsApp аркылуу билдирүү жиберсең бейтаптарга жардам катарында эсебине акча түшөт дегенге да ишенбегенибиз оң. Эгер атайын компаниядан жөнөкөй смс аркылуу жардам берүү керектиги тууралуу толук дареги менен билдирүү келсе, анда ага ишенсе болот», - деди ажы.

Ал эми мектеп окуучусу Г.Жумабаева соцтармактарда отурарын, бирок келген смс билдирүүлөргө ишенбестигин, ата-эне туурасында келген каттарды гана достору менен бөлүшө турганын айтты.

Ошондой эле, шаар тургуну Феруза Аскарбек кызы акыркы тапта ооруп жаткан бирөөнүн атынан смс аркылуу пайда көрүп жаткандар бар экенгин билдирди.

«Мен соцтармактын колдонуучусумун. WhatsApp аркылуу күн сайын "оорулуу адамга жардам керек, бөлүшүп койгула, ар бир адамдан 4 сомдон оорулуунун эсебине акча түшөт" деген смс билдирүүлөр көбөйдү. Буга ишенүүнү да билбейбиз. Аны аныктоо үчүн кимге кайрылуу керектиги тууралуу да маалымат жок. Менимче смс аркылуу эсебине акча топтогондор ушул ишти жасайт», - деди ал.

Ал эми Баткен ОИИБи белгисиз смс билдирүүлөрдөн жабыр тартып, арыз менен кайрылгандар буга чейин облус аймаганда каттала электигин, эгер смс аркылуу жапа чеккендер кайрылса ал иш мыйзамдуу түрдө сөзсүз карала турганын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2229
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×