При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-март

Ошто 12 жаштагы Т.Айтиевдин өлүмү боюнча сот отуруму жылдырылды

Turmush -  Ош шаардык соту 12 жаштагы Турат Айтиевдин өлүмү боюнча козголгон ишти караган отурумду жылдырды. Бул тууралуу Т.Айтиевдин атасы Жеңиш Айтиев кабарлады.

Анын айтымында, айыпталуучу тарап бүгүн, 12-январда саат 14:00гө белгиленген отурумга келген жок. Андан улам судья отурум 18-январда өтө турганын жарыялады.

«Бүгүнкүгө белгиленген отурумга кылмышка шектүүнүн жакындары келген жок. Алардын жактоочусу дагы бул ишке катышуудан баш тартыптыр», - деди Ж.Айтиев.

Мурдараак Ж.Айтиев Ош шаардык соту чакыруу бербегенин, отурум бүгүнкүгө белгиленгенин тааныштары аркылуу укканын билдирген.

Т.Айтиев

1

Окуя тууралуу:

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2016-жылдын 21-октябрында саат 12:30 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Ош шаарындагы Гастелло көчөсүнүн жашоочусу кабар берип, өспүрүм баланы белгисиз бирөө бычактап кеткенин айткан. Окуя болгон жерге алгач Патрулдук милициянын кызматкерлери, оперативдүү тергөө тобу жана Ош ШИИБдин жетекчилиги барган. Аталган көчөдөгү №1 «Б» дарегиндеги турак үйдүн алдынан табылган дене жергиликтүү тургун — 2004-жылы туулган Т.Айтиев экени аныкталган. Бул дарекке келген медицина кызматкерлери анын каза болгонун билдирген. Маркум өспүрүмдүн көкүрөгүндө жана моюнунда бычактын бир нече изи болгон.
Бул кылмышка шектелип жабырлануучунун коңшусу кармалган. Шектүү — 1994-жылы туулган А.Н. Россияда иштеп жүрүп, окуядан 1 ай мурун кайтып келгени белгилүү болду. Ал кармалган учурда колуна бычак кармап жүргөн. Шектүү: «Ал (каза болгон бала) үйүмө келип, тамагыма уу салайын дегенде подъездден кармап алып бычактап салдым», - деп айткан.
Кылмышка шектүүнүн атасынын айтуусуна караганда, уулу мурда психологиялык оору менен жабыркаган эмес. Бирок, айрым белгилерин байкап калчу. Ал психикалык жактан жабыркаган адам катары ооруканага каттоого алынган эмес.
Бул факты боюнча Ош ШИИБдин тергөө бөлүмү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Адам өлтүрүү») менен кылмыш ишин козгогон.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1865
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×