Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Май айында Баткенде аскер кызматкерлери үчүн үй берилет

Turmush -  Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күнүнө карата Баткен шаарында аскер кызматкерлери үчүн турак жайларды пайдаланууга берүү пландаштырылууда.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-январда Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен шаарында аскер кызматкерлери үчүн курулуп жаткан турак жайлар менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, азыр 3 кабаттуу 3 үйдүн курулушу аяктап, оңдоп-түзөө иштери калды. Долбоор боюнча 90 батир бүткөрүлөт. Анын 36 батири 1 бөлмөлүү, 36сы – 2 бөлмөлүү, ал эми 18и 3 бөлмөлүү батирлер болуп эсептелет.

Объектилерди 2017-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнүнө карата пайдаланууга берүү пландаштырылууда.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков калган курулуш иштерин мурда белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1800
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:44,   20.09.2017   ( 138 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу