Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-январь

При поддержке MegaCom

Мас абалында унаасы менен тосмону талкалаган Караколдун тургуну милиционерлер акча талап кылып, ур-токмокко алганын айтууда (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын тургуну милициянын ур-токмогуна кабылып, алар 15 миң сом акча талап кылганын айтып, бийликке кат жолдоду. Бул тууралуу Каракол шаарындагы «Вентус» коомдук бирикмесинин директору Камил Рузиев билдирди.

Анын маалыматына караганда, арыздануучу 2017-жылдын 2-январында мас абалында автоунаасы менен чоочун бирөөнүн тосмосун талкалап кирип кеткен. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, 32 жаштагы тургундан 15 миң сом талап кылышкан.

Акча берүүдөн баш тарткан В.К. милиция кызматкерлери тарабынан сабалганын айткан. Андан кийин, алар тургунду өздөрүнүн автоунаасына салып, Каракол ШИИБге алып келишкен. Маалым болгондой, 4-январда Каракол шаарынын тургунуна карата бейбаштык жана милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүү айыбы менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши милиция кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен козголгону айтылууда. В.К. милиция кызматкерлери күч колдонуп, пара талап кылганы тууралуу Каракол ШИИБге жана шаардык прокуратурага арыз менен кайрылган.

«Бирок, Каракол ШИИБ соттук-медициналык экспертизанын корутундусу жоктугуна таянып, кылмыш ишин козгоону кечеңдетип жатат», - деп билдирди Камил Рузиев.

Ал эми, шаардык прокуратура арыздануучуга карата милиция тарабынан кыйноо болгонунан шек санап, ал кармалганга чейин жараат алган деп божомолдоодо. Учурда В.К. алган жараатынан улам облустук ооруканага жаткырылган.

Ысык-Көл облустук оорукананын жана Ак-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлери аны медициналык кароодон өткөрүшкөн. Алар кыйноонун кесепетинен В.К. денесинен жана психикалык жактан жабыр тартканын тастыкташты.

В.К. Башкы прокуратурага бул иш боюнча чара көрүү арызы менен кайрылган. Ал Кыйноолорго каршы улуттук борборго, акыйкатчыга, ЖК төрагасына жана президентке да кат жолдогон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1431
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Эң кызыктуу