Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-февраль

При поддержке MegaCom

Миң-Кушта байланышты оңдоо үчүн тик учак керектелет, - айыл өкмөт

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы 2 айылда байланышты калыбына келтирүү үчүн тик учак керектелет. Бул тууралуу Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы Раатбек Кожомуратов билдирди.

Анын айтымында, Миң-Куш, Өрнөк айылдарында байланыш 4-январдан тартып иштен чыккан. Себеби Миң-Куш айылындагы тоого коюлган телемунара белгисиз себептерден улам иштебей калган. Ал жактагы станцияда «Мегаком», «Билайн» жана «Кыргызтелеком» ААКтын жабдыктары орнотулган.

«Байланышты тарта турган ишканалар менчик болгондуктан алар калыбына келтирүү иштерин жүргүзө элек. Ал эми тургундар тез арада байланышты туташтырып берүүнү талап кылып жатышат. Биз район акими Адыл Сапаров менен өкмөткө кат жолдодук. Ал жакка баруучу жолдор жабык, кар калың жана кооптуу. Бул үчүн тик учак керектелет», - деди Кожомуратов.

Ал эми ӨКМдин Жумгал району боюнча өкүлү Элдияр Турсунакунов телемунараны кар көчкү басып калды дегенге кошулбайт.

«Телемунараны кар көчкү баскан жок. Адистердин божомолунда ал жактагы станция иштебей калган. Бара турган жолдор жабык», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1626
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Эң кызыктуу
×