При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Айыл турмушу: 2 жашында сүйлөбөй калган Б.Шабдыраев өтүкчүлүк менен күнүнө 2 миң сомго чейин киреше табат (видео, фото)

Turmush -  Нарын шаарынын 47 жаштагы тургуну Бактыбек Шабдыраев сүйлөй албаганына карабай өтүкчүлүк кызматты аркалап, күнүнө 500 сомдон 2 миң сомго чейин киреше табат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Б.Шабдыраевдин айтымында, 1970-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. 2 жашында менингит менен ооруп, кулагы укпай, сүйлөө жөндөмдүүлүгүн жоготкон.

«Сүйлөбөгөнүмө байланыштуу ата-энем мени 1976-жылы атайын мектеп-интернатка беришкен. Мектепти окуп бүтүп, 1989-жылы Бишкектеги "Фрунзе" заводуна жумушчу болуп кирдим. Ал жерде мен эле дудук экенимди билдим. Бирок, аракет кылып укпасам дагы башка адамдардын эмне кылып, кантип иштеп жатканын көрүп иштей бердим. Ал жерде бир жыл иштегенден кийин завод жабылып, бош отуруп калдым. 1999-жылга чейин ар кайсы жерде ар кандай жумуштарда иштеп жүрдүм.

Мектеп-интернаттан бизге эмгек сабагы өтүп, өтүкчүлүктү ошол сабактан өздөштүргөнүмдүн пайдасы тийди. Мындан 8 жыл мурун чакан орун алып, бут кийим оңдоочу жайды иштетип келем», - деди каарманыбыз.

Ал кардарлары менен кат аркылуу сүйлөшөт.

«Алгач кардарлар менен кантип тил табышам дечүмүн. Мектептен алган билимим пайдасын берип, кардарларым менен орус тилинде кат аркылуу кызматташам. Күнүнө 10-15 кардар келет. Тапкан кирешем күнүнө 500 сомдон жогору, эң көп таптым дегенде 2 миң сом болот. Тапкан акчам үй-бүлөмө, балдарыма, электр энергияга жана ижарага жетет. Жумушум боюнча эч кандай нааразычылыгым жок.

Дени сак болуп иштебей, жашоого нааразы болгон адамдарга түшүнбөйм. Ар кимдин башы өзүндө, иштеп аракет кылуу керек. Адамдар убактысын, мүмкүнчүлүктөрүн баалай билишсе жакшы болмок», - деди Б.Шабдыраев.

Ал 2004-жылы үйлөнгөн. Учурда кызы 12 жашта, уулу 7 жашта. Аялы дагы тубаса сүйлөбөйт. Бактыга жараша, уулу менен кызы так сүйлөшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8798
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу