Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Нарын облусунда бир жылда өспүрүмдөргө зомбулук жасалган 12 факты катталды

Turmush -  Нарын облусунда 2016-жылдын ичинде өспүрүмдөргө карата жасалган зордук-зомбулук боюнча 12 факты катталды. Бул тууралуу Нарын ОИИБден аймактык кабарчыга билдиришкен.

Маалыматта айтылгандай, анын ичинен адам өлтүрүү боюнча 2 учур, саламаттыкка атайылып оор залал келтирүү боюнча 2, ден соолугуна анча оор эмес залал келтирүү боюнча 2 учур катталган. Ал эми, 16 жашка толо элек өспүрүмдү жыныстык катнашка тартуу боюнча 3 факты катталды. Тоноо боюнча 1, сексуалдык мүнөздөгү зордук жана кыйноо боюнча бирден учур катталып, тергелген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1753
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу