Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-февраль

При поддержке MegaCom

Жалал-Абадда таксистти коркутуп, унаасын уурдай качкан 24 жаштагы жүргүнчү кармалды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында такси кызматын жалдап алып, айдоочуну коркутуп, унаасын уурдай качкан жүргүнчү кармалды.

Жалал-Абад ОИИБдин Патрулдук милициясы маалымдагандай, окуя бүгүн, 12-январда болжол менен саат 05:30 чамасында болду.

«Асман» такси кызматында иштеген Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылынын Р.Н. аттуу жашоочусу өз кызматын аткарып жүргөн. Анын унаасына жашы 20-25 чамасындагы бейтааныш адам жүргүнчү катары отурган. Шаардын Балтагулов менен Султанов көчөлөрүнүн кесилишине жеткенде жүргүнчү айдоочуну коркутуп, «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаасын мыйзамсыз түрдө ээлеп алып, изин жашырып качып кеткен.

Бул факты боюнча  Патрулдук милиция бөлүмү тарабынан «Тосмо» («Перехват») операциясы уюштурулуп, түнкү мобилдик топ унаа урдай качкан атуулду кармашкан. Шектүү катары Сузак районунун 1992-жылы туулган тургуну А.Б. кармалган. Ал Жалал-Абад ШИИБдин тергөө бөлүмүнө жеткирилди», - деп айтылат маалыматта.

Бул окуя боюнча Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин (автоунааны укукка жат түрдө ээлеп алуу) 2-бөлүмүнүн 3-пункту менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Айрым маалыматтарга караганда, жүргүнчү таксистти бычак менен коркутуп жерге түшүрүп, айдай качкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1693
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
Учурда окулуп жатат
×