При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 21-июль
68.85    79.36    1.16    KZT 0.21

Жалал-Абад шаардык кеңеште жаңы коалиция түзүлүп, 2 партия оппозицияда калды (фото, видео)

Turmush -  Бүгүн, 12-январда Жалал-Абад шаардык кеңешинин 7-чакырылышынын биринчи сессиясында «Биримдик» коалициясы түзүлгөнү жарыяланды. Анын курамына «Өнүгүү-Прогресс», «Республика — Ата Журт», «Ата Журт» партиялары кирди. Ал эми КСДП жана «Кыргызстан» партиясы оппозицияда калды.

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, жыйында шаардык кеңештин төрагасын шайлоо маселеси кийинки сессияга калтырылды.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутат болгон Майрамбек Адылбеков төраганы шайлоо үчүн 21 мандат болушу керектигин айтып, төраганын орун басарын шайлоо демилгесин көтөрдү. Анын сунушун депутаттар колдоого алышты.

«Биримдик» коалициясынын лидери болуп «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Майрамбек Адылбеков шайланды. Анын талапкерлигин коалициянын курамына кирген партиялардын депутаттары жактырышты.

М.Адылбековдун айтымында, «Биримдик» көпчүлүк коалициясы шаардык кеңештин төрагалыгына жана мэрлик кызматка өз талапкерлерин сунушташат. Азырынча бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Белгилей кетсек, сессияда БШКнын өкүлү Д.Жүндүбаев жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан 16 депутатка күбөлүк жана төш белги тапшырылды. Сессияга келбеген КСДП жана «Кыргызстан» партияларынын депутаттары күбөлүктөрүн алышкан жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2890
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
14:52,   18.07.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×