Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-февраль

При поддержке MegaCom

Кадамжайдагы кесиптик лицей авариялык абалда, - депутат

Turmush -  Баткен облусунун Кадамжай районундагы кесиптик техникалык лицейдин окуучулары авариялык абалдагы имаратта билим алууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда ЖКнын депутаты Сайдолимжон Жураев(КСДП) парламенттик жыйында билдирди.

Анын айтымында, аталган окуу жай 1976-жылы фин тибинде курулган.

«2014-жылы ӨКМ бул окуу жайды авариялык абалдагы имаратка кошкон. Бирок ошол күндөн бери эч кандай чара көрүлгөн эмес. Бул жерде окуган балдарга жаңы имарат курулбай же алар башка жайга көчүрүлгөн эмес. Бүгүнкү күнгө чейин окуучулар билим алышат. Окуу жайдын бир имаратын курса болот. Ага көп деле чыгым кетпейт. Тиешелүү сметалык документтердин баары даяр», - деди депутат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1571
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
×