Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-февраль

При поддержке MegaCom

Бишкектеги оюн залга бет капчан кирип тоноп кеткен 23 жаштагы шектүүлөр кармалды

Turmush -  Бишкектин Тоголок Молдо жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Лоторея Голд» оюн залын бет капчан 2 киши тоноп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2016-жылдын 27-декабрында аталган оюн залга бет капчан белгисиз 2 эркек киши кирген. Ал жерде иштеген кызматкерге күч колдонушуп, кассадан 126 миң сом өлчөмүндөгү акчаны алып кетишкен.

Бишкек ШИИБдин жана Биринчи май РИИБдин кызматкерлери бирге жүргүзгөн иликтөөнүн негизинде кылмышка шектүү делген 23 жаштагы эки жигит кармалды. Бул окуя боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иш козголуп, тергөөлөр улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1578
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Эң кызыктуу
Учурда окулуп жатат
×