Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

«Жеңеке»: «Келечек» бийчилер тобун жетектеген 27 жаштагы А.Култаева кайын журтунун таланттуу келини (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Кара-Көл шаарынын 27 жаштагы тургуну Айпери Култаева. Turmush басылмасынын кабарчысы «2016-жылдын мыкты бий тобунун жетекчиси» номинациясынын ээси Айпери менен таанышып келди.

«Кара-Көл шаарында мектепте окуп жүргөндө 8 кыздан турган топ түзүп, бийлеп баштадык. Кийин 6 кыз бийлеп жүрдүк. 8-классымда «Мираж» бийчилер ансамбли уюшулуп, анын курамында бийлеп, бий өнөрү боюнча сабак алдым. 9-класста окуп жүргөндө №4 Д.Шопоков атындагы орто мектептин базасында «Келечек» бийчилер тобун түзүп, бий үйрөтө баштадым. 11-классты аяктаган соң Бишкек шаарындагы КМКТАУда (Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети) дизайнер жана интерьер адистиги боюнча билим алып баштадым. Экинчи курста окуп жатканда турмушка чыгып, И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Көл шаарындагы филиалынын экспертиза жана башкаруу бөлүмүнө которулуп, аны 2014-2015-окуу жылында аяктадым. Студент кезимде эле турмушка чыгып, балалуу болсом дагы окуумду токтоткон жокмун. Ошол эле учурда шаардык балдар чыгармачыл үйүндө улуттук бий ийримин жетектеп, андагы бийчи балдар-кыздарга бий үйрөтүп жаттым. Учурда балдар чыгармачыл үйүндө «Келечек» бийчилер тобун жетектегениме 6 жылдан ашып калды.

Ал эми шаардык маданият үйүнүн алдында уюшулган «Жаш-Кыял» элдик ансамблин 2013-жылдан бери жетектеп келем. Биз көбүнчө элдик, улуттук бийге басым жасап, ошол багытта бийлейбиз. Кандай гана иш-чаралар өтпөсүн ар дайым эл кызматындабыз. «Жаш-Кыял» элдик үлгүлүү ансаблинин курамында 30дай кыз тарбияланат. Ал эми «Келечек» бий тобунда 90 өспүрүм бар», - деди А.Култаева.

Анын айтымында, бош убактысында кол өнөрчүлүк менен алектенет. Көбүнчө улуттук баш кийимдерди: элечек, тебетей жана топу тиккенди жактырат.

«Көбүнчө бий тобу менен концерт, сынактарга же маданий иш-чараларга катышууда улуттук кийимдерди өзүм оңдоп тигем. Улуттук баш кийимдерди тигүүгө апам жардам берет. Апамдын тигүүчүлүк өнөрү курч», - деп белгиледи топтун жетекчиси.

Ал жыл сайын борборго барып бий боюнча окуп, билимин өркүндөтүп, бир нече сертификат алган. «Облустук, республикалык бий сынактар болгондо жолдошум Данияр колдоо көрсөтүп турат», - деди ал.

А.Култаеванын кайын энеси Субанова Тажикан ал кайын журттун мыкты келини экенин белгиледи.

«Келиним Айперини 2009-жылы 19-ноябрда кыргыздын кыз узатуу салты менен келин кылып алдык. Ошондон бери жети жылдын жүзү болду. Үй ишине тың. Өзүнүн иштеген иши менен кошо коомго дагы пайдасы тийип, үлгүлүү келин болуп келе жатат. Бала төрөп, декреттик өргүүнү узартпай ишке чыгат. Балдарын чоңойтуп, ишинде кыздарга бий үйрөтүп, кайра алардын улуттук формаларын даярдап, бардык жагына жетишет. Абдан аракетчил, ашканада тамакты түрлөп жасайт. Ашты өзгөчө басат», - деди Т.Субанова.

Жолдошу Данияр Субаналиевдин эки жогорку билими бар. Учурда жеке ишкерчилик менен алектенет.

«Айпери экөөбүз №4 Д.Шопоков атындагы орто мектептен билим алганбыз. 2008-жылы аскер кызматын Айперинин классташ балдары менен чогуу өтөп калдым. Ошондо алар: «Айпери жакшы кыз. Ошол кызга эле үйлөнбөйсүңбү» деп айтып калышчу. Аскердик милдетим актаган соң Кара-Көлгө келдим. Айпери менен таанышып, сүйлөшүп жүрдүк. Кийин колун сурап, баш коштук», - деди ал.

Айпери Култаеванын апасы Айнагүл Жолдошованын айтуусунда, быйылкы жыл анын кызы үчүн бир топ жемиштүү жылдардын бири болду.

«Жакында Бишкек шаарында өткөн «Эл ичи - өнөр кенчи» республикалык кароо-сынагына облустун атынан катышып, «Улуу көч» бийи менен 3-орунга ээ болуп, министр Т.Казаковдун 3-даражадагы диплому жана 35 миң акчалай сыйлыгына татыды. Буга чейин жайында Ош шаарында өткөн республикалык «Этномода-этномаданият» фестивалында 3-орунду ээлеп, диплом, акчалай сыйлык менен сыйланган. Май айында Жалал-Абад шаарында өткөн республикалык бийчилер кароо-сынагында 2-орунду багындырып, диплом, 25 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланып кайтышты. Жылдын соңунда Кара-Көл шаардык мэриясынын жыл жыйынтыгы менен «Жылдын мыкты бий тобунун жетекчиси» номинациясына ээ болду. Бул ийгиликтер Айпери менен анын кол алдында бий үйрөнүп, тарбияланып жаткан таланттуу кыздардын жетишкендиги деп билем», - деди А.Жолдошова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1946
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:05,   16.10.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×