При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Ата-Түрк багындагы жардырууга катышы бар делген 2 шектүү изделип жатат

Turmush -  Бишкектеги Ата-Түрк сейил багындагы жардырууга катыштыгы бар делген дагы 2 шектүү изделүүдө. Анын бири Куралдуу күчтөрдүн снайпери болушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда АКИpress агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, ушул жылдын 4-январында саат 04:41де Ата-Түрк сейил багындагы жардыруу тууралуу билдирүү Октябрь РИИБге түшкөн. Окуя болгон жерге барган аталган түзүмдүн кызматкерлери бак жардырылганын такташкан. Ошондой эле, соттук-техникалык экспертиза дайындалган.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иш-чарасынын негизинде жардырууга шектүү делип 1986-туулган Е.Е. кармалган. Ал химик болгон. Шектүүнүн Шакиров көчөсүндө жайгашкан үйүнөн бет кап, тапанча жана жардыруу үчүн жасалган атайын аралашма табылган. Анын жанында жардам берген кишилер болгону белгилүү болгон. Евгений милиция кызматкерлерине Республикалык психикалык борбордун каттоосунда экенин айткан.

Учурда бул кылмышка шектүүнүн тууганы менен досу изделүүдө. Шектүү анын бири Куралдуу күчтөрдүн снайпери экенин айтууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1996
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу