Бөлүмдөр
Жума, 20-январь

При поддержке MegaCom

Айыл турмушу: Таластык М.Дилматов 700дөн ашык эстелик жасады (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 29 жаштагы тургуну Мирлан Дилматов 7 жылдан бери эстеликтерди жасайт.

Өзүнүн айтымында, Бишкек шаарындагы С.Чуйков атындагы сүрөт окуу жайында билим алган. Окууну аяктагандан кийин атасынын жолун жолдоп, эстеликтерди жасап баштаган. 2010-жылы үйүнүн короосуна устакана ачып, 7 жыл аралыгында 700дөн ашуун эстелик жасады.

«Эстеликке көбүнчө буюртма берип жасатышат. Адамдын сүрөтүн чегип, жазуу түшүрүп, кардарлардын айтканындай жасап берем», - деди уста.

Керектелүүчү материалдарды Оштон, Казакстандын Кордай шаарынан, Өзбекстан, Кытайдан ортомчулар аркылуу алдырат. Эстеликтер гранит жана мрамордон жасалат. Алар өңдөрүнө, сапатына жараша бөлүнөт.

«Кардарлардын көбү мрамордон жасатышат. Анын өңү ачык жана гранитке салыштырмалуу арзан болот. Мрамордун 3 өңү бар: сары, боз жана күлгүн. Ал эми граниттин кара, жашыл, кызыл өңдөрү болот», - деди ал.

Буюртманы 2 күндө аткарат. Баалары эстеликтин көлөмүнө жараша болот. Эң чоң көлөмдөгү эстеликтин бийиктиги 1,20 метр, туурасы 60 см болот. Эгерде гранит менен жасалса 40 миң сомго чейин акы алат.

Уста буга катар эле дубал бетине сүрөт түшүрөт. Талас шаарындагы эс алуучу жайларга, кафе-ресторан, бала бакчаларга сүрөт тартып берет. Дубал бетине сүрөт түшүрүүнүн чарчы метри 700 сомго бааланат.

Мирлан менен жубайы Алтынай Кадыралиева 2 кыздуу болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2142
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Эң кызыктуу
Учурда окулуп жатат