Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-февраль

При поддержке MegaCom

Алайкуу өрөөнүндө чөөлөр пайда боло баштады (фото)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө чөөлөр пайда боло баштады. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Азат Шерматов билдирди.

Анын айтымында, Терек айылынын тургундары токой аралап жүрүп, жалгыз жүргөн чөөнү көрүшкөн. Аны ат менен кубалап жүрүп кармап өлтүрүшкөн.

«Буга чейин Алайкуу өрөөнүндө чөөлөр жок болчу. Алайкуу өрөөнү суук болгондуктан чөөлөр жашабайт деп айтылат. Алардын пайда болушун быйылкы калың кардын астында жаныбарлардын калышы менен байланыштырып жатышат. Чөөлөр элге зыянын тийгизиши мүмкүн», - деди Шерматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3056
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Эң кызыктуу
×