Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Ю.Деркембаев Чоң-Сары-Ойдогу алма багынан жыл сайын 1 млн сом киреше алат (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылынын тургуну Юсуп Деркембаев 10 жылдан бери алманын түрүн өстүрүп, жыл сайын 1 млн сомго жакын киреше табат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы анын алма багы менен таанышып келди.

Ю.Деркембаевдин айтымында, учурда 5 гектар аянтта алманын 3 түрүн (голден делишес, жогорку сорттогу алма жана апорт) өстүрөт.

«Алманы жаш баладай багыш керек. Өз учурунда кыйыштырып, түбүн жумшартып туруу зарыл. Быйыл келемиш көп. Андан сактоо максатында отургузулган көчөттөрдү целлофан баштыкчалар менен ороп койгом. Бактардын аралыгы 7 метрден», - деди багбан.

Бир кезде таш басып жаткан жерди шагы ийилген алма бакка айландырган багбан 2016-жылы 10 тонна түшүм алган. Түшүмдү Орусияга каттаган соодагерлерге саткан.

Эл эмгегин жер жебейт, деп белгилеген Ю.Деркембаев иши менен жаштарга үлгү көрсөтүп келет. Анын уулдары да ата жолун жолдоп, алма бак өстүрүүнүн сырларын өздөштүрүшкөн. Алар да миң түп көчөт отургузушту.

5 уулун эмгекке үйрөткөн Ю.Деркембаев жайкысын жайлоодо мал багуу менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4972
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×