При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 29-март

Элдик уламыш: Тулпар-Чапчы жайлоосунда суу агып кирбеген көлдү пайгамбардын минген аты пайда кылган (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кабык айылынын Тулпар-Чапчы жайлоосу өзүнө сырдуу окуяларды камтып, уламыштарга бай. Аталган жайлоо тууралуу райондун аксакалдары ар кандай божомолдорду айтып келишет.

Тулпар-Чапчы жайлоосунда суу агып чыкпаган жана агып кирбеген көл бар. Ошол суунун пайда болушу боюнча ар кандай маалыматтар айтылат. Ал эми жайлоонун аталышы сууга байланыштуу дешет. Сууга кол2 байланыштуу уккан маалыматтарын 84 жаштагы Көкөн Алибеков айтып берди.

«Пайгамбар тулпары менен жол жүрүп бара жатып катуу чаңкайт. Ичээрге суу таппай ээн талаада калганда минип жүргөн тулпары жерди катуу тээп, буту менен чапчып кирет. Ошол убакта жер жарылып, суу чыккан. Айрымдар пайгамбар дуба окуганда суу чыккан дешет. Ал суунун дарылык касиети да бар. Жара чыккан учурда ал сууну пайдаланса жыйынтыгы жакшы болот. Бул көлдүн айланасында ыйык жерлер да көп. Жанында дагы суу бар болчу. Ал соолуп жок болуп кеткенде элди алып барып куран окутуп келгем. Эл сыйынган булакты тегерете курчап тосушкан. Ал бат эле кулап калыптыр дешти. Жаз келсе өзүм барып тосуп келем», - деди К.Алибеков.

Эс алуучулар Чоң-Алай районундагы Тулпар-Чапчы жайлоосу менен Алай районундагы Тулпар-Көлдү алмаштырып алган учурлар кездешет. Эки жайлоонун аталышы гана эмес, алар тууралуу уламыштар да окшошуп кетет.

Тулпар-Чапчы жайлоосунун аталышы боюнча дагы бир уламыш айтылып жүрөт.

«Бир кедейдин күлүк аты болгон экен. Тулпарга байдын көзү түшүп, ошол атты берүүсүн талап кылат. Ага макул болбогон кедей бул талаптан баш тартып, түн ката качып жөнөйт. Эртеси чак түштө күндүн ысыгында ат да, ээси да чаңкап, эс алууга токтошот. Алардын артынан байдын желдеттери кууп келип, качкынды жарадар кылат. Бул учурда акылдуу тулпар ээсинин алдына жата калып, мингенден кийин качып жөнөйт. Бир кыйла жол жүрүп кууп келе жаткандардан оолактаган соң, ээсинен айрылууну каалабаган тулпар дөңсөнүн үстүнө чыгат. Көзүнөн жашы куюла асманга карап тик секирип, күчүнүн болушунча катуу кишенеп, жерди үч жолу чапчыган. Ошол жерден суу атып чыккан деп айтылат», - деди К.Алибеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3595
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
Учурда окулуп жатат
×