При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 24-март

Көпчүлүк аймактарда кар жаайт, - 12-январга карата аба ырайы

Turmush -  Эртең, 12-январда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт, деп билдирди Кыргызгидромет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө
түнкүсүн -4...+1
күндүз -1...+4

Талас өрөөнүндө
түнкүсүн -2...-7
күндүз -2...+3

Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн -1...-6
күндүз -2...+3

Баткен облусунда
түнкүсүн -1...-6
күндүз -2...+3

Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн -5...-10
күндүз -2...+3

Нарын облусунда
түнкүсүн -28...-33
күндүз -12...-17

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз бир аз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1...-3 градус, күндүз +1...+3 градус болот.

Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2...-4, күндүз 0...+2 градус болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2318
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×