При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Нарында сууктан улам мектептердеги эс алуу узартылды деген маалымат жалган болуп чыкты

Turmush -  Нарын шаарындагы мектептерде кышкы эс алуу узартылган жок. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси Назгүл Исабекова маалымдады.

Анын айтымында, бүгүн, 11-январда шаардагы мектептердин окуучуларын мугалимдер суукка байланыштуу эс алуу 10 күнгө узартылганын айтып таратышкан.

«Суукка байланыштуу каникул 10 күнгө узартылганы тууралуу имиштер чыгып, кээ бир мугалимдер окуучуларды таратып жиберишкен. Бизге Санэпидден мектептерде бөлмөлөр суук болгондуктан эс алууну узарткыла деген сунуш түшкөн. Бирок, өзүбүз мектептерди кыдырып, жакшы абалда экенин көрүп, балдарды каникулга чыгарууга макулдугубузду берген жокпуз. Бүгүнкү күндө окуучулар окууларын улантып жатышат», - деди Исабекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2546
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×