Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Нарын

Кара-Кужурда дарыгер жоктугунан тургундар коңшу айылдагы ооруканага барышат

Turmush -  Кочкор районунун Кара-Кужур айылында дарыгер жоктугуна байланыштуу жергиликтүү тургундар коңшу айылдагы ооруканага барышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, элетте жалпы 140 түтүндөн ашык эл жашайт. Ооруп калган тургундар коңшу айылдагы ооруканага барышат. Айылдагы жашоочулардын бул көйгөйү район башчысына айтылып, маселени чечүү үчүн райондук оорукананын башчысына атайын тапшырма берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2444
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×