При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 23-июнь
68.6    76.44    1.14    KZT 0.21

Көзүнө жаш алган Б.Обама жубайына: Сени менен бүт өлкө сыймыктанат (видео, фото)

Turmush -  АКШны 8 жыл башкарган 55 жаштагы Барак Обама өзүнүн коштошуу сөзүн Чикагодогу «Маккормик-плейс» конгресс борборунда сүйлөдү. Ал 2008-жылы президенттик шайлоодон утуп чыкканын Чикагодон уккан. Мындан улам ак үйдө эмес, ушул жерде сүйлөп жатканын билдирди.

Кечээ, 10-январда өткөн иш-чарага жубайы Мишель Обама жана вице-президент Жо Байден жубайы менен катышты.

Ал жубайы Мишелге кайрылып сөз сүйлөгөн учурда көзүнө жаш алды. «Соңку 25 жыл ичинде сен менин жубайым, балдарымдын апасы гана эмес, менин досум болдуң. Мен сени менен сыймыктанам. Сени менен бүт өлкө сыймыктанат», - деди Барак Обама.

Обама 1

АКШнын тарыхындагы биринчи кара терилүү президент Барак Обама 2008-жылы шайланган. Быйыл 20-январдан тарта президенттик такты Дональд Трамп расмий ээлейт.

Обама

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3968
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×