Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Ош

Өзгөн шаардык кеңештин төрагасы болуп жеке ишкер шайланды (фото)

Turmush -  Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы болуп Азамжан Жалилов шайланды. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясы маалымдады.

Шайлоого аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Калыбек Акибаев, Борбордук шайлоо комиссиясынын Өзгөн району боюнча жооптуу өкүлү Нурмамат Сулайманов, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамлекеттик агенттигинин Ош облусу боюнча өкүлү Расул Жолдошев катышты.

6-чакырылыштагы кеңештин төрагалыгына жалгыз А.Жалилов (КСДП) талапкерлигин койгон. Жыйынтыгында шаардагы 31 депутаттын 20сы колдоп, А.Жалилов төрага болуп шайланды.

Ал буга чейин жеке ишкерлик менен алектенип келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2619
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×