Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

5 ай мурун Аксыдан Өзбекстанга өтүп кеткен 35 баш кой кайтарыла элек

Turmush -  Мындан 5 ай мурун Аксыдан Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 35 баш кой кайтарылбай жатат. Бул тууралуу койлорун жоготкон Карамат Досова билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылдын август айында 120 кой Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен. Анын ичинен 85 кой ноябрь айында эки өлкөнүн чек арачыларынын биргелешип иштешүүсүнүн жыйынтыгы менен кайтарылган.

«Калган 35 койду издөөгө алып, кайтарууга аракет көрдүк. Учурда ал койлордун дайыны чыкпай жатат. Анын көбү элдин кою болчу», - деди К.Досова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1760
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу