Turmush — Сот реформасы качан аяктайт? Кыргызстандыктар качан реформа үзүрүн көрүшөт? Кыргызстанда сот системасына иши түшүп калган адамдардын бардыгын ушундай суроолор тынчсыздандырат. Бирок бул айта салса эле ишке аша калчу оңой оокат эмес экен.
Ушу тапта мамлекет сот реформасын ишке ашыруу боюнча бир нече донорлор менен иш алып барууда. Ошолордун бири Европа биримдигинин «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө аракети» аталган долбоору. Ушу долбоордун кесипкөйлүктү жогорулатуу боюнча башкы эксперти Радость Тофтисова-Матерон Кыргызстанда кандайча иштеп жатканы тууралуу айтып берди.
- Радость, сиздин долбоордун сот тармагы үчүн аткарган кызматы кандай?
- Биздин долбоор 2014-жылдын августунан бери иштеп келатат. Долбоор бир жылдан соң аяктайт.
Мен квалификацияны жогорулатуу деген компонент үчүн жоопкермин. Бул компонент судьялар, прокурорлор жана адвокаттарга багытталган. Башкы прокуратура менен да кызматташабыз.
- Сиздин оюңузча, квалификацияны жогорулатуу деген эмне? Бул окутуп эле коюубу же башка система менен да тааныштыруубу?
- Менин ишимде эки негизги багыт бар. Алардын бирин Франциянын эл аралык укукту өнүктүрүү борбору алып барат. Ошон үчүн биздин бияктагы карьералык өсүш боюнча кеп-кеңеш, сунуштардын көпчүлүгү француз моделине ыңгайлашкан. Биз судья, прокурорлорду окутуу үчүн программаларды иштеп чыгабыз, атайын тренингдерди өткөрөбүз. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен бирге иштешип, алардын керектөөсү эмнеде экенин аныктайбыз. Негизи тренингде темаларды биз сунуш кылбайбыз, тренингге келгендер өздөрү темаларды сунуш кылышат.
- Сиз Кыргызстанда бир топ убакыттан бери жалаң ушу тармак менен иштешип келе жатсаңыз, француз модели менен кыргыздардыкынын айырмасы эмнеде? Бизге эмне жетишпейт деп ойлойсуз?
- Француз модели башка өлкөлөргө да абдан көп тараган. Ал мындай принципке негизденет: укук коргоо арзан болбойт. Анткени судьяларды даярдоого абдан көп каражат сарпталат. Аларды тандоо, окутуу жана алардын карьералык өсүшү үчүн мисалы, Франциядагы улуттук укук таануу мектеби, Болгариянын борбору Софиядагы ушундай мектеп да адегенде Францияда 30 ай, Болгарияда 9 ай окутушат. Ушундан кийин гана ошол жакта окуган судьяларды кызматка дайындашат. Башынан тарта эле алардын даярдыгы стабилдүү, абдан жакшы деңгээлде болот. Андан кийин албетте квалификацияны жогорулатуудан өтүп турушат. Негизги айырмачылык ушунда.
Экинчи аспект, аякта судьялардын карьерасы. Судьялар кызматка дайындалаар менен алар андан ары да өнүгүп, кызматы жогорулай турганын билишет. Бийлик башына ким келбесин, эч ким тийбей турганына алар бекем ишенишет. Кызматка дайындалган судьялар бардык жактан камсыз болушат, ошон үчүн алар өнүгүү, өздөрүн өстүрүү тууралуу гана ойлошот. Алар 5 жылдан кийин судьялык кызматка кайра шайлануу тууралуу ойлонушпайт дагы.
Биз да бияктан ушу моделдин үстүндө иштеп жатабыз. Кыргыз делегациясын Францияга алып барып келгенбиз. Биз сот тармагы боюнча чечим кабыл ала турган адамдар да ушундай моделди көрсө деп ойлойбуз. Албетте, француз моделин турган турпаты менен көчүрүп алуунун түк кереги жок.
- Биздин чыгыш менталитетине туура келет деп ойлойсузбу?
- Кээде менталитет актануу катарында колдонулат. Бирок баары бир сиздердеги акыркы өзгөрүүлөрдөн улам, аталган моделге жакындоо байкалып жатат. Ошон үчүн азыр талапкерлер эмес, дайындалган судьялар окушса деп каалайт элем. Судьялар окуп, андан ары иштеп кетерине кепилдик болушу керек. Анткени алар өздөрүнүн жеке кесиптик карьерасына инвестиция сала алышпайт. Ошон үчүн мамлекет аларга көп инвестиция кылып, анын кайтарымын да көрүш керек. Инвестициянын баары бюджет эсебинен болгону оң. Бул мамлекеттин көз карандысыз, акыйкат сот системасын калыптандырууга болгон аракети. Мунсуз болбойт, бир дагы сот системасы судьялардын жеке каражатынын эсебинен өспөйт. Эгер буга жол берилсе, анда эле коррупцияга жол чоң ачылат.