При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Ак-Суудагы турак үйдөн жашыруун сакталган ири салмактагы марихуана табылды

Turmush -  Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундан ири өлчөмдө баңгизат алынды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Ак-Суу РИИБдин баңгизаттарын жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнө Каракол-Совхоз айылынын тургуну үйүндө ири өлчөмдө баңгизатын мыйзамсыз сактап жүрөт деген маалымат түшкөн. Аталган түзүмдүн кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында мыйзамсыз баңгизатын сактап жүргөн адамдын өздүгү аныкталган. Андан соң, анын айылдын күн батыш жагында жайгашкан базасы текшерилип, 3 капка салынган өсүмдүк табылган.

Экспертизалык текшерүүнүн жыйынтыгында табылган өсүмдүк 15 кг марихуана болуп чыккан.

Бул окуя боюнча Ак-Суу РИИБ тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1702
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×