Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Сыны айылында 14 млн сомго жаңы курулган спорт зал кайра оңдолуп жатат

Turmush -  Аксы районунун Сыны айылында 2016-жылы курулуп бүтүп, бирок пайдаланууга берилбей турган спорт зал кайрадан оңдолуп жатат. Бул тууралуу Сыны айылдык кеңешинин депутаты Мурат Турдубаев кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, спорт зал 14 млн сомго курулган.

«Спорт зал талаптагыдай курулган эмес. Полу 2 ирет кагылып, ички жасалгасы сапатсыз болуп, чатырынан суу өтүп жаткан. Андан улам кайрадан оңдоп-түзөө иштери башталды. Залга 14 млн сом акча кетип, “Курулуш строй” компаниясы курган. Учурда спорт зал пайдаланууга бериле элек», - деди М.Турдубаев.

Сыны айылында 750 түтүн эл жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1984
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу