Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын жуктургандардын саны жыл сайын өсүүдө, - министрлик

Turmush -  Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын жуктургандардын саны жыл сайын өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, илдеттин жайылуусуна сыртта жүргөн мигранттардын инфекцияны жуктуруп алышы негизги себеп болууда. Анын көпчүлүгү жыныстык катнаш аркылуу жуктуруп алышкан.

«2011-жылы бул илдетти жуктуруп алган 7-8 гана мигрант болсо, 2016-жылы алардын саны 42ге өскөн. Анын ону Казакстандан, бири Кытайдан, бири Орусиядан, бири Түркиядан жана 5 жаран Өзбекстандан жуктуруп келишкен», - деди А.Мурзалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2365
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу