Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-февраль

При поддержке MegaCom

Нарын шаарына 150 тонна көмүр ташылып келип сатылууда (фото)

Turmush -  Бүгүн, 11-январда Нарын шаарына 150 тонна көмүр ташылып келип сатылып жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева маалымдады.

Анын айтымында, Нарын шаарындагы борбордук базарда көмүрдүн 1 тоннасы 3 миң сомдон, 1 кабы 200 сомдон сатыкка чыкты. Кечке чейин дагы 150 тонна көмүр алынып келиши мүмкүн. Алынып келген көмүр шаардын Жаңы-Жол аймагындагы топ базага түшүрүлөт.

Буга чейин Нарын шаарынын тургундары сатып алууга көмүр таппай жатканын айтышкан.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2012
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
meria_goroda_naryn
15:37, 12 января 2017
Мэрия города Нарын опровергает информацию о том, что произошла перепалка между сотрудниками мэрии и бизнесменами.
И те кто вступили в спор с сотрудниками мэрии вчера 11 января на точке продажи угля во время проведения разъяснительной работы по поводу задержки поставки угля с месторождения “Кара-Кече” в город Нарын являются покупателями, а не бизнесменами.

Также мэрия не заявляла о том, что самостоятельно без участия предпринимателей решила вопрос о поставке угля. Мэрия всего лишь оказывает содействие в создании условий для частных предпринимателей по поставке, продаже угля и организации топбаз.
Нет аватара
moison
12:10, 12 января 2017
Бети жок мэрия, окулчулук
Нарындагы ишкерлер тартып келген 150 тонна көмүргө мэрия ээлик кылганына нааразы болушту (фото, видео)
http://naryn.turmush.kg/news:317975/?from=kg_turmush&place=newstoplastarea
Turmush - Кечээ, 11-январда Нарын шаарындагы борбордук базардын жанында көмүр саткан жайдан мэриянын кызматкерлери менен көмүр сатуучу ишкерлердин ортосунда чыр чыгып, пикир келишпестиктер жаралды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Көмүр сатуучу ишкерлердин айтымында, 10-15 күндөн бери шаардын аймагында көмүр сатылбай жаткан.
«Жеке ишкерлер өздөрү Кара-Кече кенинен көмүр тартып келип элге сатып баштаган. Бирок, бийлик өкүлдөрү көмүрдү биз алдырып келдик деп коомчулукка отчёт беришти», - деген жеке ишкерлер мындай мамилеси үчүн бийликке нааразычылыгын билдиришти.
Көмүр саткан жайга келген мэриянын бөлүм башчысы Эсентур Өмүралиев Нарын шаарына 150 тонна көмүр келгенин жана жолдо дагы 150 тонна көмүр келе жатканын айтты. Ал эми, көмүр сатып алууга келген кардарлар буга чейин көмүр маселесин чечпеген мэриянын ишин сындашты.
«Кыш катаал болуп, абанын температурасы -30 градус суук болду. Ошол учурда көмүр таппай, үй-бүлөбүз менен кыйналдык. Эми жеке ишкерлер тартып келген көмүрдү бийлик биздики деп отчет бергени туура эмес. Ишкерлер кыйналып, 2-3 күн кезек күтүп көмүр жүктөп келишсе, бийлик биз алып келдик деп жатат. Эми кеч болсо да көмүр келгенине кудайга шүгүр. Бирок эл кыйналды», - деди шаар тургундары.
Кечээ, 11-январда Нарын шаардык мэриясы 150 тонна көмүр тартылып келип, сатылып жатканын жарыялаган. Буга чейин Нарын шаарынын тургундары сатып алууга көмүр таппай жатканын айтышкан.
Кыргызгидромет Нарында абанын түнкү температурасы 7-январда -19...-24 градус, 10-январда -23...-28 градус, 11-январда -25...-30 градус болорун маалымдаган.
http://naryn.turmush.kg/news:317975/?from=kg_turmush&place=newstoplastarea
Нет аватара
Janylbai
09:39, 12 января 2017
birok iwtegenine jarawa alyp jatat. komur juktop jatkan baldardy korup jalko boldu. waxtadan chykkandai kapkara. uwup turuwat
Нет аватара
Janylbai
09:32, 12 января 2017
mewogu 200 somdon eken. el kop kelip jatat. komur satyp jatkan inilerimdin chontogu jakwy ele bolyp kalsa kerek
Нет аватара
skeptik80
19:01, 11 января 2017
Нарында бугун кар негизи калын болчу))). Бул жок дегенде эле кузундогу сурот))))
Нет аватара
bagira_bk
14:15, 11 января 2017
неси болосо да комур келди да, эми эшиктин суугу бул болсо. эми базарга барп алп жага берейли дукулдото, купулдото )))). Урааа!
Нет аватара
meria_goroda_naryn
14:06, 11 января 2017
Урматтуу moison бул бугунку эле суроттор, былтыркы суроттор болок да, сен билесин да. Аны экообуз чогуу тартпадык беле.


Нет аватара
altyke78
13:52, 11 января 2017
комур сатылып жатыптыр базарда. кесек экен ырас.
Нет аватара
moison
12:46, 11 января 2017
2016 жылкы сүрөттөр ха ха ха мэрия вопше страшно ужас))))
Көп окулду
Эң кызыктуу
×