При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 29-март

Башкы прокуратура Тоң РИИБдин кызматкерине кылмыш иш козгоду

Turmush -  Башкы прокуратура опузалап пара талап кылуу фактысы менен Ысык-Көл облусундагы Тоң РИИБдин кызматкерине кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай,Тоң РИИБдин кызматкерлери жергиликтүү тургундан 50 миң сом талап кылышкан. Кечээ, 10-январда Башкы көзөмөл органы ИИМдин өздүк коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен бирге оперативдүү иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, РИИБдин кызматкери Э.С. 10 миң сом пара алып жаткан учурда кармалган.

Шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда КРнын Кылмыш-Жаза кодексинин 313-беренеси (жооптуу кызматты ээлеген адам тарабынан опузалап пара талап кылуу) менен козголгон иш тергелип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1541
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×