При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 29-март

Кылым карыткан имарат: Караколдогу Улуу Үчтүк чиркөөсү 122 жыл мурда курулган (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы Улуу Үчтүк (Святая Троица) чиркөөсүнүн азыркы имараты мындан 122 жыл мурда курулган.

Чиркөөдөгү кызматкерлердин айтымында, аны курууда жыгачтар бири-бирине ашталып, мык колдонулган эмес. Чиркөө ушул эле орунда жайгашкан үчүнчү храм. Биринчиси кийизден кыргыз боз үйүнө окшоштурулуп курулуп, 3 жылча кызмат кылган. Анын ордуна болжол менен 1877-жылы таш храм салынып, ал дагы 3 жылдан кийин жер титирөөдөн урап калган. Андан кийин азыркы чиркөөнүн имараты 1895-жылы тургузулган.

Чиркөө СССР маалында 1932-жылдан 1944-жылга чейин жаштардын эс алуу жайы, клуб болуп турган. Андан соң дин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Бирок 1961-жылы чиркөөнүн имараты кайрадан дин кызматкерлеринен алынып, балдар спорт мектеби болуп калган. Кийин 1980-жылдан баштап чиркө өз максатында колдонула баштаган.

«Азыр чиркөөгө сыйынуу күндөрү 200гө жакын киши келип турат. Андан сырткары баш кошуп жаткандар түбөлүккө кол кармашуу антын беришет», - деди кызматкерлер.

Сыйынуу жайында 50гө жакын иконалар бар. Алардын бири Кудайлар энеси Тихвиндик иконасы 1897-жылы Греция мамлекетиндеги Афора тоосунда тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2322
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×