Turmush - Каракол шаарындагы Улуу Үчтүк (Святая Троица) чиркөөсүнүн азыркы имараты мындан 122 жыл мурда курулган.
Чиркөөдөгү кызматкерлердин айтымында, аны курууда жыгачтар бири-бирине ашталып, мык колдонулган эмес. Чиркөө ушул эле орунда жайгашкан үчүнчү храм. Биринчиси кийизден кыргыз боз үйүнө окшоштурулуп курулуп, 3 жылча кызмат кылган. Анын ордуна болжол менен 1877-жылы таш храм салынып, ал дагы 3 жылдан кийин жер титирөөдөн урап калган. Андан кийин азыркы чиркөөнүн имараты 1895-жылы тургузулган.
Чиркөө СССР маалында 1932-жылдан 1944-жылга чейин жаштардын эс алуу жайы, клуб болуп турган. Андан соң дин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Бирок 1961-жылы чиркөөнүн имараты кайрадан дин кызматкерлеринен алынып, балдар спорт мектеби болуп калган. Кийин 1980-жылдан баштап чиркө өз максатында колдонула баштаган.
«Азыр чиркөөгө сыйынуу күндөрү 200гө жакын киши келип турат. Андан сырткары баш кошуп жаткандар түбөлүккө кол кармашуу антын беришет», - деди кызматкерлер.
Сыйынуу жайында 50гө жакын иконалар бар. Алардын бири Кудайлар энеси Тихвиндик иконасы 1897-жылы Греция мамлекетиндеги Афора тоосунда тартылган.