При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Д.Төрөкулов ант берди

Turmush -  Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Дүйшөн Төрөкулов бүгүн, 11-январда ант берди. Эл өкүлү мыйзамдын чегинде элдин жана өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштөөнү убадалады.

Төрөкулов Дүйшөн Гуламкадырович парламентке «Бир Бол» фракциясынан Чолпон Жакупованын ордуна келди. БШК маалымдагандай, Д.Төрөкуловго 6-январда мандат берилди.

Д.Төрөкулов «Бир Бол» партиясынын тизмесинде №15 катарда жазылган. Ал 1981-жылы 18-августа Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай өкмөтүндө төрөлгөн.


1 Билими:

- 2004-2009-жылдары Баткен мамлекеттик университетинин аскерге чейинки даярдоо жана дене тарбия факультетин;

- 2009-2012-жылдары Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

- 2009-2012-жылдары Ош жана Баткен шаарларындагы бажы кызматында ар кандай кызматтарда иштеген;

- 2012-2015-жылдары Ош мэриясынын алдындагы Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси болуп эмгектенген.

Үй-бүлөлүү, эки баласы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1697
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу