Бөлүмдөр
Жума, 20-январь

При поддержке MegaCom

Жалгыз-Жаңгак айылында жер көчкү жылган аймактагы 11 үй-бүлө тез арада көчмөй болду (фото)

Turmush -  Ушул жылдын 3-январынан тарта Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылында чоң көлөмдөгү жер көчкү акырындап жыла баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун жетекчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин областтык башкармалыгынын адистери 11 үй-бүлөгө тез арада коопсуз аймактарга көчүп чыгуу боюнча атайын чечим чыгарышты. Жалпы жонунан 40 млн куб метр көчкү жүрүү коркунучу туулган Жалгыз-Жаңгак айылынын жашоочулары менен облус жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев, Сузак районунун акими Абдумуктар Маматов, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин областтык башкармасынын башчысы Абдишарип Бекилов жолугушуп, жергиликтүү элге тез арада коопсуз аймактарга көчүп чыгуу керектигин айтышты.

Жер көчкү күн сайын 1 метрден 5 метрге чейин акырындап жылып жатат.

«Урматтуу Жалгыз-Жаңгак айылынын жашоочулары, кырсык каш кабактын ортосунда деп айтылат. Азыр сиздер тез аранын ичинде коопсуз жайларга көчүп чыгууңуздар керек. Сактанганды кудайым сактайт дейт. 16 үй-бүлө ушундай кыйын кезеңде тууган-уруктарга барып жашап, убактылуу баш калкалап турушу керек. Биздин мамлекетибизде адам өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок», - деди Сузак районунун акиминин биринчи орун басары Төрөгелди Түркбаев.

Жалгыз-Жаңгак айылында 1990-жылы жаз айында да ири көлөмдөгү жер көчкү жүрүп, 5 үйдү басып калган. Анда адам өмүрү кыйылган эмес.

Жалгыз-Жаңгак айылынын тургуну Рашит Бышаков шашылыш түрдө турак жайын бузуп көчө баштады. Ал буга чейин жер тилке алып, турак жай куруп алган. Көчкү коркунучу бар аймактагы үйүндө мал кармап жаткан.

Жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактагы 11 үй-бүлөнүн мүчөлөрү түнкүсүн тууган-уруктарынын үйүнө барып жатат.

Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Шералы Кудайбердиев көчө турган тургундардын үйлөрүнүн алды карлардан толук тазаланып, транспорт кирүүгө ыңгайлаштырылганын белгиледи.

Жалгыз-Жаңгак айылында 444 кожолук эл жашайт. Облус боюнча жер көчкү жүрүү коркунучу бар 1700 кооптуу жерлер аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1289
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Эң кызыктуу
Учурда окулуп жатат