При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 23-июнь
68.6    76.44    1.14    KZT 0.21

Ак-Талаанын акими 7 балалуу эненин бир айлык насыясын төлөп берүүнү убадалады

Turmush -  Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун акими Кош-Дөбө айылында оор шартта жашаган Рахат Оморованын бир айлык насыясын төлөп берүүнү убада кылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга маалымдалган.

Кечээ, 10-январда акимдин коомдук кабылдамасына кирген Р.Оморова 7 баласы бар экенин жана жолдошу насостук станцияда 8500 сом айлык акы алып иштерин айткан.

«Жолдошум 8500 айлык акы алат. Балдарыма жөлөк пул берилбей калган. Мындан улам каражат жетишпей, чакан насыя берүүчү компаниядан насыя алганбыз. Эми аны төлөй албай кыйналып жатам», - деди Р.Оморова.

7 балалуу үй-бүлөнүн бир айлык 3500 сом насыясын район башчысы төлөп бермей болду. Ал эми, балдарына жөлөк пул чектелбей калганына жолдошунун 8500 сом эмгек акы алганы себеп болгону түшүндүрүлдү.

_DSC0037

_DSC0038

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1630
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×