При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 23-июнь
68.6    76.44    1.14    KZT 0.21

Кош-Дөбөдөгү жолду Макмал кенинин унаалары талкалап жатат, - тургундар

Turmush -  Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынын жашоочулары жүк ташыган чоң унаалар Ала-Буга дарыясындагы чоң көпүрөнү жана жолду талкалап жатканын билдиришти.

Кечээ, 10-январда Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы өткөн жылы аткарган иштери боюнча элге отчет берди. Жыйында жергиликтүү тургундар Макмал алтын кенинен оор жүк ташыган чоң унаалар жолду талкалап жатканын айтышты.

«Бул алтын кенден жүк тарткан оор унаалар жолду талкалап салышты. Жолдорубуздун ар кайсы жерлери чөгүп кетти. Ал эми Ала-Буга дарыясындагы көпүрө 30 тонна жүк көтөргөнгө гана ылайыкташкан. Бирок жүк тарткан чоң автоунаалар көпүрөнүн үстүнөн 50-60 тонна жүк менен өтүп жатышат. Көпүрөнүн бир жак башы дагы кыйшайып баратат. Ошондой эле, айылдан чыккандан кийин Тогуз-Торо районуна кетүүчү 32 чакырым жол түздөлбөй калды. Ошол алтын кен жолубуз үчүн жергиликтүү бюджетке 1 сом каражат төлөбөйт экен. Жок дегенде жолубузду түздөтүп берип турсун», - деди айыл тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1669
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×