Бөлүмдөр
Жума, 20-январь

При поддержке MegaCom

Нарын шаардык кеңештин төрагасы болуп Ж.Ботоканов шайланды (фото)

Turmush -  Нарын шаардык кеңешинин төрагасы болуп КСДП партиясынан Жыргалбек Ботоканов шайланды.

Аймактык кабарчы билдиргендей, шаардык кеңеш 10-январда алгачкы сессияга чогулуп, депутаттарга мандаттар тапшырылды. Сессиянын жүрүшүндө шаардык кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланып, шайлоодо жеңишке жетишкен 5 партиянын төртөө көпчүлүк коалицияны түздү. Ал эми «Республика — Ата Журт» партиясы оппозицияда калды.

Көпчүлүк коалициядан төрагалыкка Ж.Ботоканов жалгыз талапкер болуп, сессияга катышкан 30 депутаттын 29у колдоду. Анын орун басары болуп көпчүлүктүн добушу менен Анаркүл Кыдыкова («Ала-Тоо ынтымагы») шайланды.

Белгилүү болгондой, мандат алгандардын эң улуусу 65 жашта болсо, эң кичүүсү 26 жашта.

Нарын шаардык кеңешке шайланган депутаттардын тизмеси

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1235
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Эң кызыктуу