При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Нарын шаардык кеңешиндеги 5 партиянын төртөө биригип, бири оппозицияда калды

Turmush -  Нарын шаардык кеңешинин жаңы шайланган депутаттары бүгүн, 10-январда сессияга чогулду.

Аймактык кабарчы билдиргендей, отурумда көпчүлүк коалиция түзүлдү. Шайлоодо жеңишке жетишкен 5 партиянын төртөө биригип, «Республика — Ата Журт» партиясы оппозицияда калды.

Нарын шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясын КСДП, «Өнүгүү-Прогресс», «Ала-Тоо ынтымагы» жана «Кыргызстан» партиялары түздү. Бүгүнкү сессиянын алкагында Нарын аймактык шайлоо комиссиясы жаңы шайланган депутаттарга мандаттарды тапшырды. Мандат алгандардын эң улуусу 65 жашта болсо, эң кичүүсү 26 жашта.

11-декабрда өткөн шайлоого 8 партия катышып, анын бешөө 7%дык чектен өткөн. Шаардык кеңеште 31 мандат бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2891
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×