При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Сүлүктүдөгү шахтадан дагы бир адамды уранды басып калды

Turmush -  Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы шахтада кырсык катталып, бир адамды басып калды. Алдын ала алынган маалымат боюнча, окуя бүгүн, 10-январда саат 14:10 чамасында «Раимберди» шахтасында болгон, деп билдирди ӨКМ.

Маалыматта айтылгандай, шахтада көмүрдүн урандылары көчүп, көмүр казып жаткан адамды басып калган. Окуя болгон жерге ӨКМдин 1-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары чыгып кетишти.

Мурда маалымдалгандай, кечээ, 9-январда саат 16:15 чамасында Сүлүктү шаарындагы «Белес 1» шахтасында да кырсык катталып, 16 жаштагы өспүрүм бала каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2192
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
akipresscom
23:58, 10 января 2017
куткаруучуларды даярдабай,кырсыктан алдын ала сактанса болбойбу,16 жашар бала шахтыда эмне кылып журот,биринчи ата энесин жоопко тартыш керек,акча деп буту чыкан балдарын кочого жайып салышты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×