Turmush - Ош шаарында окуучулар арасында биринчи жолу «Окумуштуулардын дүйнөлүк кубогу» (Worldscholar^s cup) олимпиадасы өтүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгы билдирди.
«Себат» лицейи тарабынан уюштурулган олимпиадага түштүк аймактагы мектептердин 5-11-класстарындагы эң алдыңкы 280 окуучусу катышууда. Окуучулар өздөрүнүн билимдерин ар тармакта: дебат, эссе, тест, тарых, коом таануу, музыка, искусство, адабият жана так илимдер боюнча сынашат. Олимпиада эки күнгө созулуп, окуучулар англис тилинде жооп беришет. Жеңип чыккан окуучулар Вьетнам жана Түштүк Африка өлкөлөрүндө өтүүчү экинчи турга жолдомо алышат. Ошондой эле, медаль, кубоктор тапшырылат.
«Окумуштуулардын дүйнөлүк кубогу» эл аралык олимпиадасы дүйнөнүн кырктан ашуун өлкөлөрүндө өткөрүлүп келет. Ал эми Кыргызстанда алгачкы жолу уюштурулду.