Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-февраль

При поддержке MegaCom

Интернаттардагы балдардын 70-80%ы «социалдык жетимдер», - Өкмөт

Turmush -  Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунованы кабыл алды.

10-ПМ1Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Т.Исакунова учурда аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы пландар тууралуу айтып, министрликтин иш-аракетин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны инвентаризациялоо жана жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

«2015-жылдан тарта жарандарды жумушка орноштуруу маселеси Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине берилген. Тиешелүү нормативдик-укуктук базалардын жоктугуна байланыштуу бул багытта керектүү иштер жүргүзүлгөн эмес. Бүгүнкү күндө биз эмгек маселеси боюнча министрликтин ишин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаларды иретке келтирүүнүн үстүндө иш алып баруудабыз», - деди Т.Исакунова.

Премьер-министр жарандарды жумушка орноштуруу менен катар, калкты социалдык жактан колдоого алуу негизги тапшырмалардын бири экенин эскертип, бул багытта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз иштешүү керектигине токтолду.

Премьер-министр белгилегендей, социалдык колдоо көрсөтүү жаатындагы мамлекеттик саясат аз камсыз болгон, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө даректүү жардам берүүнү күчтөндүрүү аркылуу, үй интернаттарынын санын оптимизациялоого багытталышы кажет. Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө балдар-интернаттарындагы тарбиялануучулардын 70-80%ы ата-энеси бар туруп, ар кандай себептер менен камсыздай албаган «социалдык жетимдер» болуп эсептелет.

Ошондой эле, асырап алынган балдарга карата багып алган ата-энелери тарабынан туура эмес мамилеге жол бербөө максатында алардын абалын көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгүн да эскертти.

Өкмөт башчы социалдык тармакка бөлүнгөн финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланууга көзөмөлдү күчөтүүнү жана мамлекет тарабынан берилүүчү жөлөк пулдардын даректүүлүгүн жакшыртуу иретинде аны дайындоо критерийлерин карап чыгууну тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1579
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
×