Turmush — Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, Башкы прокурордун орун басары Кылыч Токтогулов Румынияга барып, ал жактын коррупцияга каршы кантип күрөшүп жатканы менен таанышып келишти.
Кыргыз делегациясы Румыниянын сот, прокуратура жана адвокатура системасынан тажрыйба алышты. Алар Бухарестте Улуттук магистратура институтунун, Адвокаттар институтунун окуу борборунда жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн Улуттук дирекциясында пайдалуу жолугушууларды өткөрүштү. Коррупция менен күрөшүү румындар үчүн жөн эле сөз эмес, кызыктын баары ушу жакта экен.
Ушул кызыктар тууралуу бизге Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева айтып берди:
- Айнура, шилекей агып тамшангыдай Румыниядан эмне кызык көрүп келдиңер?
- Чын эле тамшангыдай иштер көп экен. Баарыбыз билебиз, Румыния биз сыяктуу эле СССР тараптык мамлекет эмес беле. 1989-жылы Румыниянын компартиясынын биринчи секретары Николау Чаушеску менен аялы Еленаны румындар азыркыча айтканда коррупцияга күнөөлөп, кантип өлтүргөнү эсибизден чыга элек. Биринчи секретарь үй-бүлөсү менен бүткүл өлкөнү тоноп, толгон байлыкты, миллиарддаган акчаны чет элдик банкка сактап, румындардын жашоосу өтө төмөндөп кеткенде эл бунт кылып чыкпады беле. Аскер трибуналы коммунисттик диктаторду өлкөнү талап-тоногону үчүн, өз элине геноцид кылганы үчүн айыптап туруп, Чаушескуну аялы экөөнү тең ошо замат жазалап, эл алдында атып өлтүрүшкөн. Ошо мезгилден тарта Румынияда биздегидей эле хаос болуп, килейген заводдор таланып-тонолуп, алардан калганы арзыбаган акчага сатылып, эли жакыр жашап калган. Алар да биз сыяктуу чайналып, ондогон жылдар ошондой абалда жашаган соң, 2001-жылдан тарта коррупция менен күрөшкө катуу киришкен экен.
Элдин жашоосу азыр таптакыр башкача өзгөрүптүр. Румыния Европа союзуна кирген 28 өлкөнүн ичинен чоңдугу боюнча жетинчи орунда турат. Аталган союзга кирген өлкөлөр азыр Румыниядан үлгү алышат экен.
- Таңдана турган эмнеси бар экен?
- Бизди Румыния азыркы абалга кантип жетти, коррупцияны кантип азайткан деген суроо кызыктыргандыктан, ушу тармак боюнча көп жолугушууларды өткөрдүк. Румынияда Башкы прокуратуранын алдында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Улуттук дирекция дегени бар экен. Ошол тууралуу кеңири кеп кылалы. Аталган дирекция 2002-жылы түзүлүптүр. Максаты — жогорку бийлик эшелонундагы чиновниктердин коррупциялык иштери боюнча иш алып баруу. Материалдык-финансылык жактан эч кимге көз каранды эмес, муктаждык жок. Бул түзүмдө деңгээли абдан жогору, 6 жылдык прокурорлук тажрыйбасы бар, кесиптик репутациясы таза, стресске чыдамкай адамдар эмгектенишээрине күбө болдук. Прокурорлордун орточо жашы 41, бардык курамдын 51 пайызын аялдар түзөт. Алардын башында турган 5 прокурорду президент дайындайт. Жетекчиликке дайындалган адамдын 12 жылдык прокурорлук тажрыйбасы, артынан кеп-сөз ээрчибеген, кызматтык баскан жолу таза болушу зарыл. Кызматка дайындаларда алардын үй-бүлөсү да текшерилээрин айтышты. Бардыгы 195 прокурор ар тармак боюнча иш алып барышат.
Улуттук дирекциянын кол алдында 260 полиция кызматкери бар. Румыниянын бардык аймактарында, сотторунда өз прокурорлору иштешет. Дирекцияда кызмат өтөгөндөр ар тармак боюнча кесипкөй прокурорлор. Маселен, экономикалык кылмыштар боюнча, бажы иштери, банк-финансы операциялары жана IT технологиялар боюнча. Улуттук дирекциянын өзүнүн эң алдыңкы технологиялар менен жабдылган техникалык кызматы бар. Алар коррупцияга шектелген чиновниктен шыбыш эле чыгып калса дароо аны аңдып, сөзүн угуп, видеого, сүрөткө тартышат. Ушу тапта Улуттук дирекциянын ишинин арты менен Румынияда 1 премьер-министр, 16 депутат, 5 министр жана 5 мэр түрмөдө отурушат. Ишенесизби, ошолордун бардыгынын күнөөсү далилдениптир. Бизде коррупцияга күнөөлөнгөн чиновниктин иши сотко жеткенде эле кумдан курулган үйдөй урап калып жатпайбы.
- Бизде деле далай чиновник кармалды, камалды. Бирок чын эле алардын кылган коррупциялык иштерин далилдөө өтө кыйын болгондуктан алар кайра бошоп кетип жатышпайбы. Румыния бул маселени кантип чечиптир?
- Мага да ушу кызык болуп, Улуттук дирекцияда иштеген Клаудиу Димитреску деген прокурордон сурадым. Көрсө алар 2012-жылдан тарта өздөрүнүн Кылмыш-жаза кодексине «кеңейтилген конфискация» деген норманы киргизишиптир. Маселен, бир министр коррупцияга айыпталып, анын мүлкү конфискация болсо, жеке анын эле эмес, бүт үй-бүлө мүчөлөрүнүн болгон мүлкү да конфискация болот экен. Ал эми бизде бардык чиновниктер эл катары эле жашап жаткансып көрүнөт. Бирок уурдаган байлык-мүлкүн ага-туугандарына, бала-чакасына, ата-энесине каттатып коюшат да. Ошон үчүн алардын декларациясында эч нерсе жок. Ал эми румындар чиновниктин өзүндө эчтеке жок болсо, анын пенсионер ата-энесинде же студент уул-кызында жаңы хан сарай же жаңы кымбат баалуу машине кайдан, кайсы акчага пайда болду деп изилдеп чыгышат экен. Муну менен эле иш бүтпөйт, Клаудиунун айтымында, бийликтин бийик сересинде отурган адамдын кылмышын жүз пайыз далилдөө чын эле абдан оор. Румыниянын Улуттук дирекциясынын ар кайсы тармакта өздөрүнүн тыңчылары бар экен. Алар абдан баалуу маалыматтарды билдирип турушат. Биз билбеген тергөөнүн дагы көп сырлары болсо керек.
- Ошо кыйын мекемеде иштеген прокурорго пара берүү дегенди румындар билбейт бекен? Анткени алар жалаң министр, депутат, спикер, мэрлердин иши менен алек болсо, андай чөйрөдө паранын өлчөмү да абдан чоң болот эмеспи.
- Улуттук дирекция иштеген 14 жыл ичинде ал жерде иштеген 4-5 адам да коррупция кылмышына аралашкандыктан айыпталып, аларды өздөрү камашыптыр. Көрсө өздөрүн да катуу текшерип турушат тура. Азыр Испания, Хорватия да Румыниянын коррупция менен күрөшүү ыкмасын үйрөнүп, колдонуп жатышыптыр.
- Бизде деле УКМКнын алдындагы Антикоррупциялык кызмат румындардын тажрыйбасын колдонсо эмне үчүн болбосун?
- Биз да ошол жөнүндө сурадык. Эгер Антикоррупциялык кызмат кызыкса, болгон тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даяр экендигин билдиришти
Караңызчы, кандай күчтүү кызмат, чындап суктанарлык. Керек болсо, премьер-министри болобу, башкы прокурору болобу өндүрүштөгү иши тууралуу прокурордон маалымат алууга, көзөмөлдөөгө, кийлигишүүгө жол берилбейт. Ушундай чыныгы көз карандысыз кызмат болгондо гана биз гүлдөгөн коррупцияны жеңе алмакпыз.